01

Ноябрь

2015

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Египеттин аймагындагы россиялык учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге Египеттин аймагында россиялык учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

“Египет аймагындагы «Когалымавиа» россиялык авиакомпаниясына тийиштүү учактын кыйрашы, анын натыйжасында Россия Федерациясынын көп сандаган жарандарынын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”, — деп айтылат Кыргызстан Өкмөт башчысынын катында.

Темир Сариев курман болгондордун жакындарына жана тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү