09
Ноябрь
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков 9-ноябрда КР Жогорку Кеңешине Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков шаршембиде, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштайт.
Сооронбай Жээнбеков баштаган Өкмөттүн жаңы курамына сунушталган бардык талапкерлер катышкан парламенттин жыйыны 9-ноябрда саат 9.30да Жогорку Кеңештин Чоң залында башталат.
Эскертсек, бүгүн, 8-ноябрда, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана парламенттик көпчүлүк коалициясы колдоого алды.
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү