27
Октябрь
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов «Коомдук кабылдама» аркылуу кабыл алууга жазылган жарандар менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов «Коомдук кабылдама» аркылуу кабыл алууга жазылган жарандар менен жолугушту.
Кабыл алуу учурунда «KG инвест» ОсОО кызыкчылыгын колдогон өкүл Болот Казаков Кыргыз Республикасында пайдалуу долбоорду өз ара инвестициялоо үчүн инвесторлорго көмөк көрсөтүү боюнча кайрылды.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов потенциалдуу инвесторлор менен иштешүү Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктиктин иши экенин билдирди.
«Агенттиктин адистери, сиздер кызыкчылыгын коргоп жаткан маселеге кызыккан инвестициялык долбоорлордун тизмегин берүүгө даяр, эгерде инвестор 3 долбоордун бирин тандаса анда биз маселени талкуулоого даярбыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестиция тартууга чоң маани берерин эске алганда, өзгөчө экономиканын приоритеттүү тармагы болгон энергетика тармагында кызматташууга эч кандай тоскоолдук болбойт», - деди ал.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов «Коомдук кабылдама» аркылуу жазылган башка жарандарды да кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү