23
Январь
2017-жылдын август айына карата Кыргыз Республикасы ЕАЭБ Техникалык регламентине толугу менен өтөт
Кыргыз Республикасы 2017-жылдын август айына карата ЕАЭБ Техникалык регламентине толугу менен өтөт, - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков «Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн ортолук жыйынтыктары, биринчи кезектеги милдеттер жана пландар, кыргыз экспортунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» басма сөз жыйынында.
Басма сөз жыйынына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Торутаевдер катышты.
«Биздин республика ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болду, мында өлкөбүз жана ишкерлер үчүн кеңири мүмкүндүктөр ачылды, мезгил көрсөткөндөй, бул өз убактысында жасалган жана экономикалык жактан негизделген кадам болгондугун көрсөттү. ЕАЭБ Бажы кодексине кол коюлушу жана Казакстан аймагы боюнча темир жол транспорту аркылуу жүк ташууда унификацияланган тарифтердин күчүнө кирүүсү – өлкөдөгү экономикалык абалга оңдуу таасирин тийгизчү маанилүү окуя болуп саналат. ЕАЭБге мүчө болуубуз ЕАЭБ аймагында эмгектенген мекендештерибиздин жашоо шартынын жеңилдешине маанилүү таасирин тийгизди. Алсак, 2016-жылы эмгек мигранттарынын акчалай которуулары 2015-жылга салыштырмалуу 18 % жогорулап, 1 млрд. 834 млн. АКШ доллардан ашуун сумманы түздү», - деп белгиледи Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков.
Буга катар биздин өлкө үчүн өткөөл мезгил аяктап бара жатат.
«Кыргыз Республикасы 2017-жылдын август айына карата ЕАЭБ Техникалык регламентине толугу менен өтөт. Муну эске алуу менен бизнес өкүлдөрү менен алардын продукциясы жалпы кабыл алынган сапат стандартына ISO (Эл аралык стандартизация боюнча уюм) жана HACCP (продукция коопсуздугуна маңыздуу таасир этүүчү коопттуу факторлорду башкаруу жана тутумдук идентификация, баалоону караган концепция) жооп берүүсү үчүн чоң иштерди алып баруу зарыл. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикте жана Дүйнөлүк соода уюумунда мүчөлүгүнүн алкагында ченемдик-укуктук базаны ыраатташтыруу боюнча иштер улантылат», - деди ал.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов белгилегендей, учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы эки ветеринардык диагностикалык жана экспертизалоо борбору толугу менен оңдолуп, тийиштүү заманбап жабдуу менен жабдылган.
«Дагы 4 аймактык лабораториялар Баткен, Талас, Балыкчы жана Каракол шаарларында курулат. Мындан тышкары, 13 район аралык лабораториялар капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Аталган иш ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарынын көзөмөлүн ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү болоюнча биздин республика алган милдеттенмелерге ылайык аткарылууда. Акыркы жылы бул багытта чоң иштер аткарылып, ага карата интеграциялык бирикме өнөктөштөрү тараптан оңдуу баа берилген», - деди инспекция башчысы Калысбек Жумаканов.
Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселесине тийиштүү ал билдиргендей, бул маселе боюнча Казакстан Республикасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү процесси улантылууда.
[su_carousel source="media: 88761,88762,88763,88764,88765,88766,88767,88768"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү