24

Ноябрь

2016

Канатбек Арпачиев Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-ноябрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Арпачиев Канатбек Макенович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү