13

Октябрь

2016

Кытай инвестициясы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошууда

Кытай инвестициясы  өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 13-октябрда, соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынында билдирди.

Жыйында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташуудагы актуалдуу маселелер талкууланды, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын мурдагы жыйынынын жыйынтыктары каралып, соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык гранттар боюнча өз ара байланыштарды, айыл чарба жана аймактар аралык кызматташууну чыңдоо маселелери сүйлөшүлдү.

Комиссиянын теңтөрагасы Мухамметкалый Абулгазиев Кытай Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөш катары каларын билдирди. Анын айтымында Кытай инвестициясы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошууда.

КЭР коммерция министринин орун басары Фан Айцин кыргыз тарапка жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кытай эки тараптуу мамилеси тынымсыз бекемделип жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө биргелешип кызматташуунун негизги максаты – мурдагы жыйында соода-экономикалык долбоорлор боюнча макулдашылган келишимдерди иш жүзүнө ашыруу.

Ал мурдагы жылга салыштармалуу эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 60% өскөндүгүн билдирди. Фан Айцин Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жаткан ири кытай инвестициялары катары «Джунда» жана «Токмок» мунайзатты кара иштетүүчү заводдорду жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолу менен катар Бишкек жылуулук берүү борборун реконструкциялоону атады.

Жыйындын соңунда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жана КЭР коммерция министринин орун басары Фэн Айцин соода жана инвестиция, айыл жана токой чарба, киргизилген жана чыгарылган продукцияны карантини жана инспекциясы, курулуш, инновация жана башка тармактар боюнча эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин чагылдырган биргелешкен протоколго кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү