12

Январь

2017

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата Баткен шаарында аскер кызматкерлери үчүн турак-жайларды пайдалануга берүү пландаштырылууда

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө 3-кабаттуу үч үйдүн курулушу жыйынтыкталып, оңдоп-түзөө иштери калган. Долбоорго ылайык, 90 квартира бүткөрүлөт, анын 36сы – бир бөлмөлүү, 36сы – эки бөлмөлүү, ал эми 18и үч бөлмөлүү квартиралар эсептелет.

Объектилерди 2017-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Өкмөт башчы объектилерди кыдырып чыгып, мамлекет аскер кызматкерлерин колдоого жана алардын аскердик духун жогорулатууга тийиштүү шарттарды түзүүгө чоң маани берерин билдирди.

Курулуш иши менен таанышуу учурунда белгиленгендей, каржылоого байланыштуу көйгөйлөр жок. Курулуш жыйынтыкталган соң Генералдык штабдын, Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери турак-жай алышат.

КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев аймактагы аскер кызматкерлерин колдоого багытталган башка долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков калган куруш иштерин мурда белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

  [su_carousel source="media: 88101,88102,88103,88104"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү