12

Июль

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мини футбол боюнча командасы “Ынтымак” кубогунда үчүнчү орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кичи футбол боюнча командасы Футбол федерациясынын талаасында уюштурулган “Ынтымак” кубогуна катышты. Кубок өлкөнүн журналисттер коомчулугунун демилгеси боюнча өттү.

Турнирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, коомдук активисттер, ишкерлер, маданият кызматкерлери жана журналисттер катышышты.

Оюндун жүрүшүндө биринчи орунду – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин командасы, экинчи орунду –  маданият кызматкерлери, ал эми үчүнчү орунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн командасы ээледи.

КР Өкмөтүнүн командасынын оюнчусу Курсан Асановго оюндун жыйынтыгында мыкты чабуулчу наамы ыйгарылды.

Иш-чаранын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, мамлекеттик башкаруу органдары жана жарандык коом ортосундагы өз-ара байланышты чыңдоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү