02
Июнь
Кыргызстан жана Башкортостан эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө
Кыргызстан жана Башкортостан эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө. Бул туурасында эки тараптуу жолугушуулар учурунда Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов жана Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов макулдашты.
Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын аймактары ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Эки өлкө ортосундагы аймак аралык кызматташтыктын келечеги кең, аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн максималдуу түрдө пайдалануу зарыл. Башкортостан Республикасы кыргыз тарап менен транспорт, машина куруу, ацйыл чарба, туризм, билим жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар», - деп белгиледи Рустэм Хамитов.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Башкортостан Республикасынын башчысына Уфа шаарында V кыргыз-россиялык аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” жыйынын өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.
«Аймактык кызматташтык кыргыз-россиялык мамилелердин маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Менин ишенимимде, эки өлкөнүн аймактары аралык түз байланышты түзүү – Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы мамилелерди чыңдоонун натыйжалуу ыкмасы болуп саналат.
Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда бизнес үчүн ылайыктуу пайыздык үстөк менен узак мөөнөттүү насыя берүүчү Кыргыз-Росия Өнүктүрүү фонду натыйжалуу аспап катары чыга алат», - деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов жана Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана аны чыңдоого тийиштүү актуалдуу маселелерди талкуулады.
Жолугушуу соңунда вице-премьер-министр Олег Панкратов Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитовду 2016-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл жээгинде өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү