13

Декабрь

2017

Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы 4 пансионат жайгашкан жер участокторун Өзбекстанга убактылуу колдонууга берүү чечимин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим 1994-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу Келишимдин негизинде кабыл алынды.

Белгиленген документ туризмди өңүктүрүүгө жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Белгилей кетсек, чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун аймагында жайгашкан имарат жана курулуштарга Өзбекстан Республикасынын менчик укугун тариздөө тартиби орнотулат, тактап айтканда:

-«Бостери» пансионаты (мурдагы «Золотые пески», Бостери айылы);

- «Алтын-Жай» пансионаты (мурдагы «Рохат-НБУ» Кара-Ой айылы);

-  «Энесай» пансионаты (мурдагы «Дилором»,  Кара-Ой айылы);

- «Бустон» пансионаты (Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).

Бул учурда аталган объектилерге бекитилген жер тилкелери Кыргыз Республикасынын менчиги бойдон кала берет жана убактылуу колдонууга берилет. Ошол эле маалда өзбек тарап көрсөтүлгөн объектилерди  Кыргыз Республикасында колдонулган стандарттардын негизинде  3 же 4 жылдыздуу кышы-жайы иштөөчү мейманканалардын деңгээлине жеткирүү максатында белгилүү мөөнөткө чейин каражатты инвестициялоо боюнча милдеттенме алат.

Белгилеп кетчү жагдай, Өзбек тарап курулуштарды жүргүзүүдө жана андан ары карай иштетүүдө 80% кем эмес жумушчу күчтүн курамын  Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүү милдетин алды.

Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон өз арызын алып салуусу каралган. Аны менен бардык көйгөйлөр тынчтык жолу менен жөнгө салынган болот.

Андан тышкары, аталган документ Өзбекстан Республикасынан келген туристтердин санын көбөйтүп, ошондой эле боордош элдер ортосундагы карым-катнаштардын жакшыруусуна көмөктөшөт. Белгилей кетчү жагдай, пансионаттардын курулушу мультипликаттык натыйжа берип, анын ичинде салыктардын жогорулашына жана республикалык бюджетке кошумча каражаттардын түшүүсүнө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү