06
Сентябрь
Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды куткарган жактар сыйлыкка көрсөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 27-августунда Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды куткарган жактарды сыйлоо жөнүндө маселени иштеп чыгууда.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан Өкмөткө Москва шаарындагы өрт кесепетинен кыргызстандыктар каза болгон кырсык учурунда адамдарды куткарууда өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлоо маселесин карап чыгуу тапшырылган.
Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды куткарууга катышкан жактардын жеке маалыматтарын аныктоо боюнча ишти алып барууда. Кырсык учурунда куткаруу ишинде өзгөчөлөнгөн жактар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланып, зарыл учурда мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлмөкчү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү