17

Январь

2017

Максат Рыспаев “Спорттук жайлар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Рыспаев Максат Асангазиевич эмгек келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин “Спорттук жайлар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппартынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү