07

Июнь

2016

Мамбет Койчиев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 6-июнунда буйрукка кол койду, ага ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Койчиев Мамбет Дүйшалиевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан мөөнөтүнө чейин бошотулду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү