04

Декабрь

2017

Марат Мураталиев КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Мураталиев Марат Молдонович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү