23

Июль

2016

КР ӨКМ Мамлекеттик тарых музейиндеги өрттү өз убагында өчүрдү, имарат жана экспонаттар жабыркаган жок

Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда саат 22:12де Мамлекеттик тарых музейинде өрт чыккан.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам аракеттерине жараша өрт өз убагында өчүрүлгөн.

Имарат жана экспонаттар жабыркаган жок. Өрт учкуну конференц-залдын жанындагы кампадан чыккан, анда баалуу буюмдар сакталган эмес.

Өрттү өчүрүүдө КР ӨКМ бир кызматкери бутун ооруксунтуп алган жана он кызматкер ууланууга дуушар болгон. Бардык жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери тийиштүү кызматтар тарабынан аныкталууда.

Жалпысынан музейдин фондунда 135 миң экспонат, артефакттар, кыргыз элинин кайталангыс маданий жана тарыхый эстеликтери катталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү