16
Январь
Кыргыз Республикасынын ӨКМ калктан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттарын уюштурду
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Боинг -747» учагынын авиациялык кырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандардан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулду.
Гуманитардык көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандар төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
1.Бишкек шаары боюнча КР ӨКМ башкармалыгы, Горький көч. 142. Тел.: (0312) 56 47 02, 0770 800 444 (ыкчам нөөмөт).
2. Ош облусу боюнча КР ӨКМ башкармалыгы, Шакиров көч.16А. Тел.: (03222) 6 65 57, 0770 80 00 40 (ыкчам нөөмөт).
Ошондой эле республиканын областтарында жабыркагандарга гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү