13

Май

2016

Медер Ирсалиев Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Ирсалиев Медер Эсенгулович Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү