23
Декабрь
2016
Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-декабрда кол койгон буйрукка ылайык, Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү