29

Июль

2016

Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгына арналган иш-чаралар Нарын облусундагы Соң-Көл боюнда, эртең, 30-июлда өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагында, эртең, 30-июлда Нарын облусундагы  Соң-Көл жээгинде  Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.

Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чаралардын расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгын белгилөө алкагында театралдаштырылган оюн-зоок, республикалык фольклордук-этнографиялык топтордун жана эстрада жылдыздарынын гала-концерти пландаштырылган.  Ошондой эле улуттук ат-спорт оюндарын камтыган маданий программа тартууланат.

Белгилесек, жакын арада Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Тайлак баатырдын мавзолейи реконструкцияланган жана анын тегерек-чети көрктөндүрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Тайлак баатырдын 220 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын өткөрүлүшү пландаштырылууда.

Эскертсек, 2016-жылы Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет. Мындан тышкары, өзгөчө көңүл 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага бурулмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү