18
Август
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине «Айтыш» сынагынын тегерегинде келип чыккан кырдаалды иликтөө тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төкмө-акындардын сынагын өткөрүү боюнча келип чыккан кырдаалга түшүндүрмө берет. 2001-жылдан тарта аталган сынакты кинорежиссер жана продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген «Айтыш» коомдук фонду уюштуруп жана каржылап келген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өнөктөш катары сынакты жарым-жартылай каржылайт. 2016-жылкы сынактын жеңүүчүлөрү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасы алкагындагы “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышат.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго «Айтыш» фонду менен биргеликте Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен фестивалга катышуу максатында уюштурулган төкмө-акындарды тандоо сынагы өткөрүлгөн соң жаралган маселелерди карап чыгууну жана бул боюнча коомчулукка маалымат берүүнү тапшырды.
Мындан мурдараак белгилүү төкмө-акын Аалы Туткучев сынак жыйынтыгын чыгарууда калыстардын адилеттүүлүгү боюнча шек жаралгандыгын билдирген. Буга байланыштуу ал калыстардын «Ж.Жумакадыр жана Б.Акматов сыяктуу сынак катышуучуларына калыс эмес мамилеси үчүн» “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышуудан баш тартаарын жарыялаган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү