31
Январь
Өзгөчө кырдаалдар министри, Саламаттык сактоо министри жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дачи СУ айылынын тургундары менен жолугушуп, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп бериш
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча бүгүн, 31-январда, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдор Дачи СУ айылынын тургундары менен жолугушуп, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп беришти.
Өзгөчө кырдаалдар министри мамлекет тараптан берилчү тийиштүү көмөк толук көлөмдө берилерине ишендирип, жабыркагандардын тынчсыздануусуна негиз жок экендигин билдирди.
«Биз үчүн негизги милдеттердин бири «Боинг-747» авиакырсыгында жабыркагандарды убактылуу турак-жай менен камсыздоо болуп саналат. Калган маселелер Өкмөт деңгээлинде чечилет. Учурда ӨКМ тарабынан ачылган атайы эсеп иштөөдө, анткени жабыркагандарга каражат которууну каалагандар бар. Бүгүнкү күндө ӨКМ эсебине 42 млн сомдон ашуун каражат келип түшкөн. Ошондой эле өлкө аймактарынан гуманитардык жардамдар түшүүдө, алар муктаж болгондорго таркатылып берилет. Айрымдары биринчи кезекте керектелүүчү буюмдарды алышты. Көмөктү бөлүштүрүүдө бардык өкүлдөр, тактап айтканда, жабыркагандар, карылар, жаштар жана башкалар катышат», - деди Кубатбек Боронов.
Чогулгандардын аталган айылдын келечеги тууралуу берилген суроосуна жооп берүүдө министр Кубатбек Боронов бул маселе Өкмөттүн, анын ичинде компетенттүү органдардын деңгээлинде каралып жаткандыгын жана келечекте тийиштүү чечим кабыл алынаарын билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, ооруканадан чыгарылгандардын айрымдары өзүн жаман сезип жатканы боюнча суроого жооп берип жатып, кайрылгандардын бири дагы медициналык жардамдан четте калбай турганын белгиледи.
«Тез жардам дарыгерлери Дачи-СУ айылынан келип түшкөн чакырыктарга тез арада, ыкчам жардам көрсөтүүнү улантып жатышат. Биз тургундардын азыркыга чейин стресс абалында экенин түшүнөбүз, ошондуктан дарыгерлер ыкчам жооп кайтарышууда. Бирок жарандар дагы түшүнүү менен мамиле кылышы керек, ооруканаларга медициналык кароого өтө муктаждар гана жаткырылат», - деп билдирди министр.
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов авиа кырсыктын кесепетинен келтирилген зыянды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатканын жана тургундар ага кайрылышса болорун кошумчалады. Дачи-СУ айылынын тургундары өздөрүнүн суроолоруна толук жооп алышкандыгын билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү