31

Октябрь

2017

Экономика министри Артем Новиков: «2017-жылдан башынан бери Кыргыз Республикасынын экономикасы экономикалык өсүштүн алгылыктуу динамикасын көрсөтүп келе жатат»

«2017-жылдан башынан бери  Кыргыз Республикасынын экономикасы экономикалык өсүштүн алгылыктуу динамикасын көрсөтүп келе жатат»,-деди Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-сентябрында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын талкуулаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында.

Ал маалымдагандай КР Улуттук статистикалык комитетинин болжолдуу баасына караганда 2017-жылдын январь-сентябрь айларында ИДП көлөмү 335,0 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү темпи 105,0 % болгон. 2016-жылдын январь-сентябрь айларында аталган көрсөткүч 101,5 % түзгөн эле.

«Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында өзгөчө өнөр жай секторунда жана айыл чарба тармагында реалдуу өсүү 0,8 %, курулушта  –  5,2 %, өнөр жайда – 21,2 %, тейлөө тармагында –  0,8 % жогорулаган», - деди Артем Новиков.

2017-жылдын  январь–сентябрь  айларында республика боюнча  158,1 млрд.  сомдук айыл чарба азыктары чыгарылган. 2016-жылдын январь-сентябрь айларына карата өсүү темпи 100,8 %, мал жандыктарын багууда – 102,1 % (70,1 млрд сом), өсүмдүк өстүрүүдө – 99,8 % (84,0 млрд сом) түзгөн.

Айыл чарба тармагынын ИДП кошкон салымы 0,12% бааланууда, ИДП өндүрүмдүн үлүшү 14,6 % жетти.

2017-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба азыктарынын өндүрүмдүүлүгүнүн көлөмү мал жандыктарын көбөйтүүнүн 2,1% өсүшүнөн улам, жогорку натыйжаны көрсөттү.

Экономика министри ошондой эле 2017-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан жалпы суммасы 161 млрд сомдук өндүрүмдүүлүк болуп, бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилиндеги жыйынтыкка караганда  20,7 % көп болуп эсептелет. ИДП өнөр жай түзүмүндөгү үлүшү 18,7 % түздү.

Анын айтымында чарбалык субъекттердеги өнөр жай азыктары менен камсыз кылуусундагы реалдуу көлөмү Баткен (107,6 %), Жалал-Абад (151,9 %), Ысык-Көл (115,3 %), Ош (105 %), Талас (112,9 %), Чүй облустарында (117,1 %) жана Бишкек (103,2 %), Ош шаарларында (111,2 %) жетсе, Нарын облусунда (99,8 %) түздү.

Мындан сырткары Артем Новиков баса белгилегендей, 2017-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасындагы тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү   3888,4 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,1% жогорулаган. Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 28,5%, импорт – 71,5 % болгон. Соода балансындагы тартыштык 2017-жылдын январь-сентябрь айларына -1675,6 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  0,9 % төмөндөгөн.

 [su_carousel source="media: 106385,106386,106387" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү