13
Июнь
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: Мектептерде ата-энелердин балдарын мектепке киргизүүдөгү ыктыярдуу каражат чогултуусуна тыюу салынат
«Мектептерде ата-энелердин балдарын мектеп киргизүүдөгү ыктыярдуу каражат чогултуусуна тыюу салынат. Жакынкы 2-3 күн ичинде Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте тиешелүү буйрук чыгат. Анда ата-энелердин милдеттүү түрдө бере турган ыктыярдуу каражат чогултуусуна тыюу салынат. Мындай факты катталган учурда кызматынан четтетүүгө чейинки чаралар көрүлөт», - бул тууралуу бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева «Окуу жылынын жыйынтыгы, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жаңы мектептердин курулушу» тууралуу маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында өткөн окуу жылында республика боюнча 2336 мектепте 1 млн 173 миң 780 617 окуучу 2016-2017-окуу жылын аяктады. Бул жылы 11-классты 61 миң 700, 9-классты – 93 100 окуучу бүтүрдү. Мектепке чейин 48- сааттык окуу программасын 5-7 жакаш чейинки 137 миң 951 бала аяктады.
Министрликтин негизги ишмердүүлүгүнө токтолуп жатып, Гүлмира Кудайбердиева, мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу эки жарым эсеге жогорулаганын баса белгиледи.
«Мектепке чейинки даярдык 833 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлүүдө. Аларда балдардын катышуусу 100%. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында 2015-жылы биринчи жолу кол жазма китептер менен камтылган предметтик стандарттар бекитилди. жаңы окуу жылынан баштап Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 5-6 класстар жана 7-9-класстар үчүн окуу китептеринин саны көбөйтүлөт. Ошондой эле окуу китептерин иштеп чыгууда авторлорду жана атвордук жамааттар тандоо аркылуу сынактан өткөн жаны талаптарды киргизүү пландалууда. Мындан сырткары 300 ашык окуу китептерин жана усулдук көргөзмөлөрдү электрондук форматка киргизүү каралган», - деди Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.
[su_carousel source="media: 96942,96946,96947,96941,96940" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү