20
Апрель
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов: Бул жылы жолдун сапатын көзөмөлдөө үчүн эки мобилдүү көчмө лаборатория сатылып алынат
«Бул жылы жолдун сапатын көзөмөлдөө үчүн эки мобилдүү көчмө лаборатория сатылып алынат», — деди Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 20-апрелде, өткөн маалымат жыйынында.
«Бардык керектүү сертификаттары бар аталган жабдуу оперативдүү түрдө жеринен аткарылган иштердин сапатын көзөмөлдөп турат. Мындан сырткары биз жакында өлкөдөгү бардык жолдорду паспортизациялоо иштерин баштайбыз. Азыркы учурда бир да жолдун паспорту жок, бул жол куруучу адистердин жолдордун республикалык жана ички маанидеги техникалык жана башка параметрлерин аныктоосуна кыйындыктарды жаратууда», — деди ал.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүнкү күндө дүйнөдө автожолдорду асфальт-бетондоп жабуунун 10дон ашык түрү бар экенин билдирди.
«Азыркы жолдорду реконструкциялоодо эң акыркы заманбап технологияларды колдонуу керек, муну эске алуу менен быйыл биздин демилгебиздин алкагында Бишкек шаарында жол курулуш тармагындагы алдыңкы адистер катышып, жол куруу ыкмаларын көрсөтүп берген эл аралык конференция өтөт. Конференция жеке өзү келип жаңы технологиялык ыкмалар менен таанышуу үчүн Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери да чакырылган», — деди Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.
[su_carousel source="media: 93184,93182" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү