20
Апрель
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов: Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо маалында Бишкек-Кара-Балта поезди иштейт
«Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо маалында Бишкек-Кара-Балта поезди иштейт»,-деди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 20-апрелде, маалымат жыйынында.
«Узундугу 45 чакырымды түзгөн Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу башталды. Азыркы тапта жол куруучу ишкана тарабынан карьердин орду, курулуш аянты аныкталып, топографиялык тасма жана инженердик-техникалык топту мобилизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган долбоордун жалпы суммасы 70 млн 234 миң АКШ долларын түзөт. Анын 2 млн АКШ доллары автожолду реконструкциялоодо жол жээгиндеги коммерциялык имараттарды түрттүрүүдөгү компенсацияга төлөнөт. Жол курулуучу аймакта жайгашкан жалпы 200 объект бар», — деди ал.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда, жыл кыймылы бир тараптуу болуп турарын билдирди.
«Бизде эң кыйын долбоорлорду ишке ашырууда жетиштүү тажрыйбабыз бар. Андыктан өзгөчө бир маселе жаралбайт болуш керек, деп ишенем. Аны менен бирге калктын ыңгайлуулугу үчүн «Бишкек-1 — Кара-Балта» каттамы аркылуу темир жол кыймылы журүп турат. Каттам күнүнө эки жолу жүрүп, Бишкек, Кара-Балта шаарларынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыйт», — деди Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.
[su_carousel source="media: 93178,93179" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү