27

Июнь

2015

Өкмөт жыйынында КР эмгек, миграция жана жаштар министри кыргыз эмгек мигранттарынын чет жердеги абалы тууралуу баяндама жасады

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Өкмөт мүчөлөрү эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкуловдун кыргыз эмгек мигранттарынын чет жердеги абалы тууралуу баяндамасын укту. Министр менен катар вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жагдай тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, өлкөдөн тыш эмгектенген кыргыз мигранттарынын көбү Россия Федерациясында жайгашкан. Ар-кыл маалыматтарга жараша алардын саны 500дөн 550 миңге дейре жетет. Үстүбүздөгү жылдын мартынан май айына дейре Россияда эмгектенген жарандардын саны 21 868 адамга кыскарган. Эксперттердин пикиринде, аталган тенденция рублдин кунунун түшүүсүнө жана Россиядагы экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсүнө байланыштуу болгон. Министрдин айтымында, 2015-жылдын 1-кварталында мигранттардын мекенге карата болгон акчалай которуулары 267,4 млн АКШ долларын түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылы 2,17 млрд АКШ долларына барабар болгон, кыскаруу 33% түзгөн. Айбек Азыранкулов мындан тышкары жакынкы жана алыскы чет өлкөгө эмгектенүүгө сапар алган мекендештер тушугуучу кыйынчылыктарды атады. “Бүгүнкү күнгө карата кыргызстандык мигранттардын негизги көйгөйү “кара тизмеге” киргизилгендигине байланыштуу айрым жактардын Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынышына байланыштуу келип чыгууда. Үстүбүздөгү жылдын май айына карата “кара тизмеге” киргизилгендердин саны 80 миңге жетип, ал эми 194 миңи эреже бузуучулар катары саналат», – деди ал. Министрлик тараптан Кыргыз Республикасынын жарандарын “кара тизмеден” чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Россия Федералдык миграциялык кызматы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча 2000 адам эреже бузуучулар катарынан чыгарылган. Ошондой эле жакында өтүүчү КР Жогорку Кеңешине шайлоого катышууга болгон жарандардын укугун ишке ашыруу максатында тобокелчилик тобуна кирген жарандардын РФ тоскоолдуксуз кирүү жана чыгуусун камсыздоо механизмдери каралган. “Биздин жарандар ЕАЭБ кирүүнү чыдамсыздык менен күтүүдө, анткени Россия Федерациясы тараптан талаптардын жумшаруусу күтүлүүдө. Көптөгөн уруксаат берүүчү документтер жоюлуп, эмгектенүүгө уруксаат алууну зарылдыгы жок болот», – деди Айбек Азыранкулов Кыргызстандык мигранттардын саны 100 миң адамга жогорулашы мүмкүн, келечекте Россияда иштеген жарандардын саны 750 миң адамга жетүүсү ыктымал. Мындан тышкары Кыргызстан жарандарын ишке багыттоону дифференциациялоо максатында эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тараптан жарандарды Түштүк Корея, Бирикен Араб Эмираттары жана Түркияга уюштурулган түрдө эмгекке орноштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү