25

Январь

2017

Өзгөчө кырдаалдар министри, Саламаттык сактоо министри Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин жетекчилиги менен биргеликте Дачи-СУ айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдор Дачи-СУ айылынын тургундары менен жолугушуп, «Боинг-747» авиакырсыгынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кырсык болгон жерде КР ӨКМ куткаручулары, Экологиялык жана техникалык маминспекция өкүлдөрү иш алып барууда.

Учурда кырсык болгон жерде анын кесепеттерин жоюу иштери, тактап айтканда, авиакеросин төгүлгөн жерде тазалоо иштери жүрүүдө.

Тазалоо иштеринде алгач үстүңкү кыртыш алынат, андан соң ал аймак атайы суюктук менен тазаланат, ал жытты кетирет. Мында жалпысынан 8 атайы инженердик техника иштөөдө.

«Бүгүнкү күндө учак калдыктары толугу менен чыгарылган, учурда таштандыларды тазалоо жүрүүдө, мындан соң керосиндин жытын тазалоо иштери жүргүзүлөт», - деди ӨКМ министри Кубатбек Боронов.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, учак кыйраган учурда абанын курамы жана топурак кыртышы анализ үчүн алынган.

«Учурда анализ жүргүзүлүүдө. Ал үчүн кеминде эки жума керектелет, анткени алар табигый кургатылышы кажет. Фактыларды бурмалабоо максатында иш алып баруучу башка ыкмалар да бар», - деди Абдыкалык Рустамов.

Адистердин айтымында, абанын курамы концентрациянын жол берилген чегинен ашпоосу кажет, буга катар күн сайын анын курамы тууралуу маалымат берилип турат. Эртең таңда аба курамынын жыйынтыгы даяр болот.

Саламаттык сактоо министрлигинде маалымдагандай, Дачи-СУ айылында жабыркаган, ооруканага келип түшкөн тургундардын, анын ичинде, беш баланын керосин жытынан уулангандыгы тууралуу диагнозу такталган эмес. Аталган оорулуулар боюнча аныкталгандай, стацонарга келип түшкөн түнү алардын бардыгы отун жана көмүр менен жылыткан меш жагылган үйдө болушкан. Тургундар 23-январда сааат 13:00дө медициналык жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам №3-шаардык балдар клиникалык ооруканасындагы оорулууларга көмүр кычкыл газы менен уулангандыгы тууралуу диагноз коюлган.

Белгилүү болгондой, бүгүн Шаардык балдар клиникалык ооруканасына түшкөн бейтаптар авиакеросин жытынан ууланган деген божомол менен канаттандыраарлык абалда үйгө чыгарылган.

Мындан тышкары, Чүй облустук бириккен ооруканасына алынып келинген бейтаптарды кароодо алар авиакеросин жытынан уулангандыгы аныкталган эмес.

Саламаттык сактоо минристрлигинин маалыматы боюнча, медициналык мекемеге түшкөн бейтаптар – канааттандыраарлык абалда, арыздануулар түшкөн эмес, авиакеросин менен уулангандыгы боюнча клиникалык белгилер байкалаган эмес. Диагноз алынды. Учурда алар дем алуу органдарнынын жугуштуу оорусу диагнозу болюнча дарылануу алып жатышат.

Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын жалпы абалы –канааттандыраарлык.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү