24
Ноябрь
2016
Мирлан Парханов Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-ноябрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Парханов Мирлан Абдивалиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү