22

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: “Митингге эч ким тыюу салбайт, бирок чек ара маселесин жамынып аны уюштуруу чыккынчылыкка барабар иш”

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапарынын Аксы районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчысы учурда чек ара маселеси курч турганын, чек арачылар күнү-түнү күзөттө туруп, коопсуздукту камсыз кылып жатканын билдирди.

«Азыр сындагандын ордуна, чек арачыларга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Чек ара маселелери көпчүлүк өлкөлөрдө бар жана аны бир күндө чече албайбыз. Биз ар бир маселени эл менен кеңешип туруп чечим кабыл алабыз. Азыркы түзүлгөн кырдаалда эки мамлекет маселени тынчтык жолу менен чечиши керек. Болбосо, бул маселелер бир жылдап чечилбей калышы ыктымал. Коңшу өлкө менен тең ата сүйлөшүү жүрүп жатат, анын жүрүшүндө өзүбүздүн позициябызды коргоп жатабыз. Азыркы кырдаалда ичтен душман катары чыкпай, биримдикте болушубуз керек. Ынтымагы жок болуп туруп, тышкы саясий маселелерди чече албайбыз. Кырдаалды козутуп, коомдук-саясий абалды чыңалтуунун ордуна, бир эл, бир журт катары жалпы кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. Мен атайын сиздерге так маалымат берүү үчүн келдим”, - деди Темир Сариев.

Тургундар менен жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт жол куруу жана башка инсфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

«Президент демилгелеп, Түндүк-түштүк альтернативалуу жолун салабыз дегенде көпчүлүк ишенген эмес. Ал жолдун курулушу кийинки жылы бүткөрүлөт. Муну менен түштүктөн Бишкек, Ысык-Көлгө жол 5-6 саатка кыскарат. Ошондой эле Жалал-Абад-Маданият жолунун курулушу башталууда. Мындан башка өлкө аймактарында ички жолдорду оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү”, - деди Темир Сариев.

Муну менен катар Темир Сариев Аксы районуна 4 чакырым жол куруларын, анын 2 чакырымына каражат бөлүнүп, калгандарына жакынкы аралыкта Өкмөт 40 миллион сом бөлүп берерин кошумчалады.

“Өткөн жылы өлкө боюнча 550дөн ашык орто жана чакан ишкана ачылды. Биз муну менен токтоп калбайбыз, мен акимдерге жыл сайын райондо 10дон жаңы ишкана ачуу боюнча тапшырма бердим”, - деди Темир Сариев.

Темир Сариев Президент жана өкмөт ирригациялык системаларды куруу жана сугат жерлердин аянтын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү