05
Апрель
Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз бардык мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттеринин рыноктук баасын билүүгө тийишпиз
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү, анда материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуунун жүрүшү талкууланды.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ринат Түлөбердиев сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө иштердин белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгынын негизги себептерин белгилеп, ошондой эле 66 мамлекеттик органдын карамагында турган негизги фонддордун тизмеси жөнүндө эскертти.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, республиканын активдеринин рыноктук баасын аныктоо өтө маанилүү.
«Биз канча имарат, курулуш, жер, унаа каражаты жана башка мүлк бар экендигин – мамлекеттик менчиктин баасын билбейбиз. Алардын рыноктук баасын аныктоо керек. Болжол менен кеп 900 млрд сом суммасы жөнүндө болуп жатат. Менчикти баалоонун жыйынтыгы боюнча 1 триллион сом жана андан ашуун сан келип чыгат. Эң башкысы мисалы, ири объекттердин реалдуу баасын аныктаган соң, биз аларга карата экономикалык механизмдерди кыйла натыйжалуу колдоно алабыз», - деди Премьер-министр.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI «Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө» токтому кабыл алынган.
Документ мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун активдерин башкарууну жакшыртуу, коррупцияга каршы аракеттенүүлөрдү күчөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыздоо жолу менен мамлекеттин материалдык жана материалдык эмес активдеринин болушун тактоо, алардын эсебин алууну жөнгө салуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максаттарында кабыл алынган.
[su_carousel source="media: 131646,131617,131616" limit="66" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү