17
Январь
Учурда «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына 31 сөөк берилди
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Республикалык сот-медициналык экспертиза борборуна Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгон 37 сөөк алынып келген.
Анын ичинде 31 сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Республикалык өлүкканада каза болгон 6 жарандын сөөгү турат, анын ичинде үч сөөк учактын экипаж мүчөлөрүнүкү жана үч сөөк Кыргыз Республикасынын жарандарыныкы.
Аймактарда туугандарына өткөрүлүп берилген сөөктөрдүн тизмеси кийинчерээк берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү