16

Январь

2017

Чүй облусундагы авиа кырсык болгон жайда авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер боюнча оперативдүү штаб иштеп жатат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун 16-январда, эртең менен авиа кырсык катталган жайга барган учурда берилген тапшырмасынын негизинде Чүй облусундагы авиа кырсык болгон жайда авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер боюнча оперативдүү штаб иштеп жатат.

Оперативдүү штабдын жетекчиси болуп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Калыс Акматов бекитилди.

Оперативдүү штаб издеп-куткаруу иштери, «Дачи СУ» айылынын тургундары үчүн ысык тамак уюштуруу, каза болгондордун жакындарына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү, сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо, учактын фрагменттерин чогултуу жана кырсык болгон аймакты кайтаруу сыяктуу кечиктирилгис чаралар менен алектенет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү