16
Январь
Манас аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу Боинг — 747 учагы кыйраган жерге Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев барды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Чүй облусунда жүк ташуучу Боинг-747 кыйраган жерге барды.
Эскерте кетсек, бүгүн болжол менен таңкы саат 07:40та жүк ташуучу Боинг — 747 учагы аэропорттун конуучу аянтына жетпей жарылып кеткен. Учак «Түрк авиалиниясына» таандык. Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматы