27
Июль
2016
Түгөлбай Казаковго Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу жүктөлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Казаков Түгөлбай Токтогуловичке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу жүктөлдү.
Бүгүн Түгөлбай Казаковду министрликтин жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Акылбек Осмоналиев тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү