11
Июнь
Премьер-министр Темир Сариевдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Озгур айылындагы көпүрөнүн курулушу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактык борборунун долбоору менен таанышып, ошондой эле Ош шаарындагы Папан суу сактагычын барып көрөт.
Андан соң иш сапары алкагында Өкмөт башчы Ош шаарынын аэропортунан Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапары алкагында Кыргызстанга келүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мунду тосуп алат.
Мындан тышкары Премьер-министр “Энелер көз жашы” мемориалдык комплексине барып, Июнь окуяларына арналган сүрөт көргөзмөсүнө катышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү