10

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин Талас облусуна бир күндүк иш сапары башталды

Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Талас облусуна бир күндүк иш сапары башталды.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Талас районундагы Жерүй алтын кенинин иштетүү боюнча иштер менен таанышат. Муну менен катар жергиликтүү эл менен жолугуп, аймактын көйгөйлүү маселелери боюнча пикир алмашат.

Ошондой Манас районундагы “Чоң-Капка” бажы өткөрмө пунктунун жана Кара-Буура району, Талас шаарындагы өнөр жай жана обьекттеринин абалы менен таанышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү