25

Июнь

2015

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин Нарын облусуна болгон иш сапары башталды

Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин Нарын облусуна болгон иш сапары башталды.

Иш сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр КР ИИМ Жол-кайгуул кызматынын «Бишкек-Нарын-Торугарт» жол тилкесиндеги жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин көзөмөлгө алып, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуу шартындагы «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктундагы ишмердүүлүгү менен таанышат.

Мындан тышкары, Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чекара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгына барып, анын даярдык деңгээлине баа берет.

Сапардын жыйынтыгында вице-премьер-министр КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн текшерет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү