11

Апрель

2017

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун кезектеги сүйлөшүүлөрү башталды

2017-жылдын 10-20-апрелине чейин Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында делимитация жана  демаркация маселеси боюнча жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшундө тараптар эки өлкөнүн чектеш кызматташтыгы тууралуу маселелерди талкуулайт.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана  деморкация маселеси тууралуу Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун жолугушуулары ай сайын активдүү уланууда.

2016-жылдын август айынан бери он жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар өттү.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыны

маалыматтык камсыздоо бөлүмү