26
Январь
«Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» сынагына катышууну каалагандар үчүн экспортерлор компаниясы тарабынан кайрылууларды кабыл алуу башталды
«Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» сынагына катышууну каалагандар үчүн экспортерлор компаниясы тарабынан кайрылууларды кабыл алуу башталды. Мурдараак Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» улуттук сынагын өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койгон.
«Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» улуттук сынагын өткөрүү экспорттук мүмкүндүктөрдү жогорулатуу, өнөр-жай, туристтик жана агрардык комплексти өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.
Сынакка Кыргыз Республиасында катталган бардык уюштуруу-укуктук формага ээ болгон юридикалык жана жеке тараптар, Кыргыз Республикасында экспорттук продукцияларды ишке ашырган же экспорттук кызмат көрсөткөн жактар, төмөнкү номинациялар боюнча катыша алышат.
Сынак катышуучуларына жалпы талаптар:
•Кыргыз Республикасынын аймагында катталган;
• Сынак жарыяланганга чейин бир жылдан кем эмес ишкердүүлүк кылган;
● конкурска катышуучу расмий түрдө таризделген үчтөн кем эмес экспорттук товарларды ташуу же кызмат көрсөтүүлөрдү баалоочу юридикалык жактын же жеке адамдар аты-жөнү,
Экспорттук товарларды ташып кетүү, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан үчүн шарт түзүлгөн эмес;
•Кыргыз Республикасынын аймагында Товар чыгаруучулардын тастыктаган бул фактысы, сертификаттар менен чыгарылган жери жөнүндөгү маалыматтар;
•Сынактын катышуучуларынын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн өз иши үчүн маалыматтарга макулдугу;
Салыштырма үлүшү-компаниянын номинантынан ашпоого тийиш 60% үлүшү экспорттун товардык позициядагы ТЭИ ТН боюнча (тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы) деңгээлинде эки кодуна маани берүүсү;
Сынакка катышууну каалган уюмдар арыздарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2017-жылдын 11-февралына чейин саат 17:00дөн кечиктирбей берүүсү керек.
Арыздарды кабыл алуу электрондук дарек аркылуу: bestexporter@mineconom.gov.kg же . Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 106 дареги аркылуу («Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру» сынагына эскертүүсү менен чапталган конвертте болушу керек. Толук маалыматтарды www.mineconom.gov.kg сайтынан тапсаңыздар болот. Ошондой эле 1220 номуру аркылуу байланышууга болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү