17
Январь
«Боинг - 747» авиациялык кырсыктан жабыркагандар үчүн калктан гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарынын даректерин эсиңиздерге салабыз
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында катталган «Боинг-747» учагынын кыйрашына байланыштуу, республикадагы жардам берүүнү каалаган юридикалык жана физикалык жактар үчүн атайын кабыл алуу пункттары уюштурулду.
Калктан жардамдарды кабыл алуу боюнча бирдиктүү борборлор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулду – алардын даректери:
1. Бишкек шаары боюнча КР ӨКМ Горький көчөсү, 142. Тел.: (0312) 56 47 02, 0770 800 444 (ыкчам нөөмөт);
2. Ош облусу боюнча КР ӨКМ Шакиров көчөсү, 16А. Тел.: (03222) 6 65 57, 0770 80 00 40 (ыкчам нөөмөт).
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Боинг -747» авиакырсыгынан жабыркагандарда жардам берүү максатында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктун уюштурду. Гуманитардык жардам берүүнү каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот: Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 354 «А», Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук администрациясынын имараты. Жооптуу жарандардын телефондору: (0312) 60 97 40, (0555) 47 99 18, Максат; (0312) 60 97 50, (0551) 91 17 22, Мыктыбек; (0555) 13 57 00, Рыспек.
«Боинг -747» авиакырсыктан жабыркагандар үчүн тейлөө көрсөтүү, такси, убактылуу жашаганга турак жай берүү сыяктуу гуманитардык жардам берүүнү каалаган юридикалык жана физикалык жактар өз даректерин «112» ыкчам жооп берүү линиясына калтырса болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү