18

Январь

2017

Чүй облусундагы «Боинг-747» авиа кырсыгы болгон жайдан экинчи «кара ящик» табылды

Бүгүн, 18-январда, « Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи Су айылында «Боинг-747» авиа кырсыгы болгон жайдан экинчи «кара ящик» табылды.

Эске салсак, кечээ 17-январда,  изеп-куткаруу иштеринин жүрүшүндө учактын  борттук биринчи  «кара кутусу» табылган.

Аталган борттук жазуулары бар кара кутулардын маалыматтарын 17-январда Кыргызстанга келген Эл аралык авиациялык комитеттин адистери талдоого алат. «Кара кутуларды» чечмелөө үчүн (Россия Федерациясынын) Москва шаарына жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү