02
Август
2016
Назгүл Кайыпова КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, буйрукка кол койду, ага ылайык Кайыпова Назгүл Аалыбаевна КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү