09

Декабрь

2017

ЖАКтын башчысын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри гана кызматка дайындап жана бошото алат

ЖАКтын башчысын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри гана кызматка дайындап жана бошото алат

ЖАКты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүүдө.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү