07
Ноябрь
2018
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Солтонбекова Ализа Карыпбековна, Токтосартов Камалдин Акунович, Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү