03
Январь
Роза Даудова тууралуу некролог
65 жаш курагында биздин кесиптешибиз Даудова Роза Токтосуновна дүйнө салды. Биз көп жылдар бою чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз кесибин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты досубузду жоготтук.
Даудова Роза Токтосуновна 1952-жылы 22-мартта Ош облусуна караштуу Эски-Ноокат айылында төрөлгөн. 1976-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктап, Роза Токтосуновна эмгек жолун орто мектептердин биринде мугалим болуудан баштаган. Андан соң, Фрунзе шаардык аткаруу комитетинде жашы жете элек балдардын иши боюнча катчы, Кыргыз Республикасынын гуманитардык демилге Фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директорунун орун басары болуп иштеген.
1999-жылдан баштап, 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында ар түрдүү жооптуу кызматтарда эмгектенген.
Анын жеке катышуусу менен көптөгөн министрликтер менен ведомстволордо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында массалык маалымат каражаттары жана жарандык коом менен байланыш менен алектенген өз алдынча түзүмдөр иштеп баштаган. Аны менен бирге Роза Токтосуновна массмедиа менен иштөөдө комплектүү кароого жана түзүүгө, аналитикалык иштөөгө чоң маани берген.
2010-жылы Роза Даудова Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Акыркы жылдары Даудова Роза Токтосуновна педагогикалык ишмердүүлүгүнө кайтып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын кошумча билим берүү институтунун директору болуп иштеген. Роза Токтосуновна кайталангыс мээримдүү жана акылдуу адам эле. Кимде-ким аны менен кандайдыр жумуш менен туш болгондо анын акылдуулугун, эмгекчилдигин, мыкты уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн байкалып турчу.
Бул жылдар аралыгында Роза Даудова мамлекеттик башкаруу тармагында бир катар жаш адистер тобун тарбиялап, азыркы кезде алардын көпчүлүгү мамлекеттик бийлик органдарында иштеп жатышат. Биз ар дайым Розы Токтосуновнанын жумуштагы жетекчилигине жана күнүмдүк турмуштагы тазалыгына, жогорку сапаттарын баалачубуз. Ал бизге ар дайым үлгү болуп кала берет.
Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Даудова Роза Токтосуновна мыкты жетекчи жана кесиптештерине жасаган кайталангыс инсандык сапаттары менен жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты