20
Июнь
2016
Шаткүл Кудабаева жөнүндө некролог
Кыргыз коомчулугу оор жоготууга учурады. 76 жаш курагында Кыргызстан аялдар кыймылынын лидерлеринин бири, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Финансы ишинин отличниги, көптөгөн мамлекеттик жана коомдук сыйлыктардын ээси Шаткүл Исалиевна Кудабаева дүйнөдөн кайтты.
Шаткүл Исалиевна Кудабаева 1940-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1963-жылы Ленинграддагы финансы-экономикалык институтун ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, эмгек жолун республиканын Финансы министрлигинде баштаган.
1980-жылдан 1984-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеген. 1984-жылдан 1986-жылга чейин республиканын соода министринин биринчи орун басары, 1988-жылдан 1991-жылга чейин Компартиянын Борбордук Комитетинин соода жана турмуш-тиричилик тейлөө жана социалдык-экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Шаткүл Исалиевна «Аманбанк» Россия-Кыргыз башкармалыгын жетектеген. Анын жетекчилиги алдында 2006-жылга чейин «Аманбанк» Кыргызстандын алдыңкы беш банкынын катарына кирген. Бул ийгилик мамлекеттик деңгээлде гана эмес, ошондой эле Франциянын өнөр жай көмөктөшүү Ассоциациясынын «SPI Алтын медалы» менен белгиленген.
Шаткүл Кудабаева - СССР финансы отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген экономисти, «Даңк» медалынын ээси, экинчи даражадагы «Энелик медалы», «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган. Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Шаткүл Исалиевна мамлекеттик кызматты коомдук иштер менен ийгиликтүү айкалыштырып алып барган. Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын кеңешинин мүчөсү болгон, 25 жылдан ашуун өмүрүн Кыргыз Республикасынын аялдар комитетин жетектөөгө арнаган. Республиканын өкмөттүк эмес уюмдарынын көч башында туруп, советтик аялдар комитетинин ишин ийгиликтүү улантып кеткен. Шаткул Исалиевнанын бай тажрыйбасынан жана терең билиминен улам Аялдар комитети улуттук алкакта гана чектелип калбай, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн аялдар кыймылынын уюмдары менен активдүү кызматташкан.
Шаткүл Кудабаева финансы тармагында, коомдук чөйрөдө көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Азыркы учурда алар өлкөнүн ар кыл тармагында татыктуу эмгектенишүүдө.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Шаткүл Кудабаеванын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
С.Ш.Жээнбеков, Р.И.Отунбаева, Ф.А.Ниязов, А.А.Карашев, М.А.Карыбаева, М.Д.Абулгазиев, О.М.Панкратов, Г.К.Кудайбердиева, Т.С. Абдыгулов, А.А.Касымалиев. А.О.Кожошев, К.Б.Базарбаев, Т.Б. Мамытов, А.К.Абдраев