08

Декабрь

2016

Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери Виктор Черноморец жөнүндө некролог

02Кыргызстандын коомчулугу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген жана коомдук ишмери Викторович Черноморец 2016-жылдын 6-декабрында 75 жаш курагында дүйнө салды.

В. В. Черноморец 1942-жылдын  22-июнунда Казакстандын Алма-Ата облусундагы Киров районунун Киров айылында туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, ал эми 1982-жылы СССР ИИМ Академиясын аяктаган. Ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун өтөгөн кызматы Виктор Викторович үчүн жөн гана кесип катары эмес, тагдыры катары эсептелген.

Ал өз ишинин кесипкөйү катары милдетин мыкты аткарган. Катардагы кызматкерден милициянын полковнигине, участкалык милиционерден Чүй облустук ИИБ начальнигинин орун басарлыгына чейинки жолду басып өткөн.

Ардактуу эс алууга чыккан соң Виктор Викторович мамлекеттик кызматта өз ишмердүүлүгүн уланткан. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында директор болуп иштеген. Ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болгон.

Ички иштер органдарындагы мыкты кызматы үчүн В.В.Черноморец Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы жана башка жогорку сыйлыктар менен сыйланган. 1990-2005-жылдары ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошондой эле ага мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин 3-класстагы жогорку класстык чини ыйгарылган.

Кыргызстандын көп улуттуу элинин мыкты уулу Виктор Викторович Черноморецтин жаркын элеси ар дайым биздин эсибизде сакталат.

Турсунбеков Ч.А., Жээнбеков С.Ш., Ниязов Ф.А., Абулгазиев М.Д., Карашев А.А., Карыбаева М.А., Джумакадыров Т.К., Панкратов О.М., Разаков Ж.П., Султанбекова Ч.А., Жээнчороев М., Осмоналиев А.Ш., Исраилов У.Дж., Сегизбаев А.К., Коеналиев Т.К., Сарыбашев Т.Н., Сатыбалдиев К.У., Ибраимов А.С., Кадырбаев А.Т., Асанов К.С., Кененбаев А.М., Кулов Ф.Ш., Жекшеев Ж.Ж., Адамкулова Ч.У.