01

Декабрь

2016

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Умөт Асымбеков тууралуу некролог

r001-002s

Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2016-жылдын 29-ноябрында 88 жаш курагында күтүлбөгөн кырсыктан Кыргыз Республикасынын коомдук, мамлекеттик, чарбалык жана элдик ишмери Умөт Асымбеков дүйнөдөн кайтты.

Умөт Асымбеков 1928-жылы 10-майда Ысык-Көл областынын Түп  районуна караштуу Күрмөнтү айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган жеринде орто мектепти аяктаган соң, 1943-45-жылдары Ысык-Көл айыл чарба техникумунун зоотехникалык бөлүмүнүн бүтүргөн. 1945-50-жылдары Кыргыз Республикасынын Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетин аяктап,  “зоотехник” адистигине ээ болгон.

Ал Москва шаарынан ССР Илимдер Академиясынын экономика институтунун аспирантурасын сырттан окуган.

Умөт Асымбеков алгачкы ишмердүүлүк жолун Түп районунун “Санташ” совхозунда башкы зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1957-61-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол асыл тукум совхозунун директору, 1961-62-жылдары Кыргыз ССРнин Совет министрлигинин алдындагы совхоздор башкармасынын начальнигинин биринчи орун басары болуп иштеген.

1962-63-жылдары Ысык-Көл аймактык колхоз-совхоздук өндүрүштүк башкармасынын начальниги, 1963-64-жылдары Жети-Өгүз аймактык колхоз-совхоздук өндүрүштүк башкармасынын  башчысы болуп  эмгектенген.

1964-70-жылдары Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Тоң райондук комитетинин биринчи секретарлыгында, 1970-78-жылдары Кыргыз ССРнин Айыл чарба министринин орун басары, 1978-1992-жылдары Кыргыз ССРнин Айыл чарба министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук борбордук эксперименталдык долбоорлоо илимий изилдөө институтунун директору кызматтарын аркалаган.

Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 6-7-чакырылыштагы эки жолку депутаты болгон.

Умөт Асымбеков айыл чарбасын өнүктүрүүгө опол тоодой салымын кошкондугун белгилеп кетүү зарыл. Анын ак эмгеги мамлекет тарабынан өз баасын алып, Эмгек Кызыл-Туу “Ардак белгиси” орденине ээ болгон. “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, “Даңк”, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун “Эмгек каармандыгы үчүн” медалдарына ээ болгон.

Ошондой эле Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин эки, СССРдин Айыл чарба министрлигинин үч, Кыргыз ССРнин Айыл чарба министрлигинин төрт жолку  Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз интеллигенциясы, Кыргызстандын айыл чарба ишмерлери, жалпы эле кыргыз эли Умөт Асымбековдун жаркын элесин  түбөлүккө эстен чыгарбайт. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгысына ортоктош болуп, азасын тең бөлүшөбүз.

Жээнбеков С.Ш., Абулгазиев М.Д., Ниязов Ф.Н., Султанбекова Ч.А., Разаков Ж.П., Панкратов О.М., Осмоналиев А.Ш., Мурашев Н.М. Бекбоев Т.Б, Керималиев Ж.К., Мусабеков А.О.,  Жээналиев А.Ж., Акибаев А.А.,   Эсенгул уулу У.,  Исмаилов С.,  Джантаев Э.,  Джудеев К.,  Иманалиев Д.