28

Август

2017

Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына киришти

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду жамаатына тааныштырды.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев телекоммуникация  жана байланыш тармагындагы абалды Нурбек Абасканов жакшы билерин  билдирди.

«2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасы аналогдук теле берүүдөн санариптик телеберүүгө өткөн. Учурда 326 редио байланыш жетпеген айылдарды санариптик берүүлөр менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат. Маселенин  жөнөкөй жарандар үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, коюлган тапшырманы убагында чечүү милдети турат.  Мындан сырткары биздин алдыбызда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасынын алкагында заманбап маалыматтык технология жана санариптин экономикага багытталган бир топ пландарды ишке ашыруу  тапшырмасы турат», - деди Дүйшөнбек Зилалиев.

 [su_carousel source="media: 102346,102347" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү