04

Октябрь

2017

Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Нишанов Нургазы Нурланович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Буга чейин Нургазы Нишанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү